Назарбаев: Кыргызстан менен Казакстандын мамилеси үлгүлүү болуусу керек

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти Бишкек менен Астананын ортосунда чечилбеген маселе калбашы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолукканын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Өзбекстандын желегин көтөргөн адам, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын "илбериңки" тартышы же кыргыз-өзбек мамилелериндеги жылыш
Маалыматка караганда, эки тараптуу жолугушуунун алкагында кыргыз-казак кызматташуусунун негизги маселелери талкууланган.

Мындан тышкары тараптар регионалдык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер тууралуу пикир алышкан. 

Назарбаев Кыргызстан менен Казакстанды тарыхый достук мамилелер менен кызматташуу байланыштырып турарын белгилеп өткөн.

"Кыргызстан биздин эң жакын кошуна жана өнөктөш болуп эсептелет. Биздин ортобузда чечилбеген бир дагы маселе болбошу керек. Мамилебиз үлгүлүү болуусу шарт. Дүйнөдөгү экономикалык жана саясий оор кырдаалдарды эске алуу менен ынтымактуу болушубуз керек", — деп билдирген Назарбаев.

Ал эми КРдин ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев Алмазбек Атамбаевдин атынан салам жолдоп эки тараптуу мамиленин бекемделишине үмүт артарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0