Атамбаев Ереванда ЖККУнун тар чөйрөдөгү жыйынына катышты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЕревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдө катышкан мамлекет башчылар
Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдө катышкан мамлекет башчылар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Россия жана Тажикстандын башчылары катышууда.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Арменияга болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Ереванда ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү жолугушуусуна катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Армениянын президенти Серж Саргсян ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен саламдашты. Жалпы сүрөткө түшүүдөн кийин катышуучулар тар чөйрөдө жолукту. Андан кийин мамлекет башчылары кеңири жыйынга катышат.

Жыйынга Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Россия жана Тажикстандын башчылары катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0