Атамбаев: декабрда шайлоо да, референдум да өткөрөбүз

Жазылуу
Өлкө башчы жарандарды добуш сатпоого чакырып, Исхак Раззаковдун "мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деген сөзүн эске салды.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо да, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өтө турганын президент Алмазбек Атамбаев бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.

"Жакында эле шайлоо болуп өттү, декабрда дагы бир шайлоо өтөт, ошол эле айда Кудай буюрса референдум өткөрүп алсак, кийинки жылы президентти шайлайбыз. Бардык добуш берүүлөр таза жана айкын болот", — деп убадалады Атамбаев.

Өлкө башчы мындан тышкары, элди добуш сатпоого чакырды.

"Өз добушун саткандар мамлекетин да сатат", — деди президент.

Сөзүнүн соңунда Атамбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Исхак Раззаковдун "мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот" деген сөзүн эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0