Өкмөттө өлкөдөгү коомдук-саясий абалга арналган жыйын өттү

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча жыйында
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында укук коргоо органдарын реформалоо, өлкөдөгү жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо маселелери каралды.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча жыйын өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер Жеңиш Разаков, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев, ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев катышты.

Жыйында укук коргоо органдарын реформалоо, өлкөдөгү жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо маселелери каралды.

Жаңылыктар түрмөгү
0