Президент Атамбаев Кыргызстандын тышкы саясаттагы абалынан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Абдылдаев жана Исаков менен өлкө башчынын Грузия менен Арменияга боло турган иш сапарларынын даярдыгын талкуулады.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Президент Антикоррупциялык кызматынын директору менен ӨКМ башчысын кабыл алды
Жолугушууда Атамбаев өлкөнүн тышкы саясаттагы урунттуу багыттарынын өнүгүшү боюнча жасалып жаткан иштерден маалымат алды. Министр кыргыз делегациясынын Брюсселде өткөн "Европа биримдиги + Борбор Азия" форматындагы жолугушууга жана Афганистан боюнча конференцияга катышуусу, ошондой эле Нидерланддарга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, өлкө башчы Абдылдаев жана Исаков менен өлкө башчынын Грузия менен Арменияга боло турган иш сапарларынын даярдыгын талкуулады.

Президент тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарына тиешелүү бир катар тапшырмаларды берип, өнөктөштөр менен пайдалуу өз ара кызматташууну өнүктүрүү талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0