КР БУУ жыйынында Батыровдун баш калка алышына нааразылыгын билдирди

© AP Photo / Sergei GritsКадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү
Кадыржан Батыровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүл эл аралык коомчулукка Кыргызстандан баш калка тапкан качкындардын маселесин чечүү жана аларды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Кыргызстан БУУ Конвенциясына мүчө болгон айрым мамлекеттердин өз мекенинде соттолгон жарандарга саясий баш калка берүүсүнө нааразы. Бул тууралуу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев аталган уюмдун жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппараты: Атамбаев Батыров менен Отунбаеванын суранычы боюнча жолуккан
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыйын мындан эки күн мурун болгон. Мукашев бүгүнкү күндө качкындардын укугун коргоо жаатында бир топ көйгөйлөр бар экенин белгилеп, жалпы коркунучка бирдиктүү аракеттер зарыл экенине токтолду.

Өкүл эл аралык коомчулукка Кыргызстандан баш калка тапкан качкындардын маселесин чечүү жана аларды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Муну менен бирге кыргыз тарап БУУ Конвенциясына мүчө болгон айрым мамлекеттердин өз мекенинде соттолгон жарандарга, анын ичинен Кадыржан Батыров менен Максим Бакиевге саясий баш калка берүүсүнө кескин нааразычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0