"Ата-Мекен" Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Конституциялык палатага кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКонституциялык палатанын имараты, архивдик сүрөт
Конституциялык палатанын имараты, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар мыйзам долбоору жана аны Жогорку Кеңеште кабыл алуу боюнча жол-жоболорго тиешелүү бир катар суроолорго жооп берүүнү суранышат.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы Баш мыйзамга оңдоо киргизүү боюнча корутунду чыгарып берүүсүн өтүнүп Конституциялык палатага кайрылды. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку кеңештеги төраганын жумуш орду, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Референдумдан кийин ЖК тарайбы? Депутат менен эксперттердин пикири
Фракция депутаттары жарандын фундаменталдык укуктары, чектөөлөр боюнча корутунду чыгарып берүүнү өтүнүшкөн. Мындан тышкары, фракция тарабынан Конституциялык палатадан референдум боюнча долбоорду кабыл алуу процедурасын бекитип берүү талабы айтылат. 

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгени СДПК, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары көтөргөн. Долбоор биринчи окууда парламент тарабынан кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0