Референдум жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кенеш, архивдик сүрөт
Жогорку кенеш, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган маселе ЖКнын тармактык комитетинде каралып, эл өкүлдөрү парламенттик уктуруу өткөрүү сунушун киргизишкен.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору тармактык комитеттин кароосуна кайра кайтарылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жогорку кеңештеги төраганын жумуш орду, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Референдумдан кийин ЖК тарайбы? Депутат менен эксперттердин пикири
Эске сала кетсек, аталган маселе кечээ күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде каралып, экинчи окууга кайтаруу сунушу киргизилген. 

Аталган сунуш бүгүн парламентте добушка коюлуп, көпчүлүгү жактырды. Ошентип референдум жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик уктуруу 10-октябрга белгиленди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0