Бишкек мэри Ибраимов депутат Текебаевди сотко берүүгө камынууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев калаа башчысына бир канча айыптарды коюп келет.

БИШКЕК, 27-сен. —Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сотко берүүгө камынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Белгилей кетсек, Текебаев 15-сентябрь күнү маалымат жыйын өткөрүп, Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы Максим Бакиевдин улутташтырылбай калган жерин сатып алып, үй салып жатканын билдирген. Ал эми жер тилкесин Атамбаевге калаа мэри Ибраимов "белек" кылганын кошумчалаган. 

"Учурда калаа башчысы Албек Ибраимов депутат Өмүрбек Текебаевди сотко берүү үчүн документтерди камдап жатат. Тагыраак маалыматтар доо арыз берилгенден кийин айтылат", — деп жазылат маалыматта. 

Ал эми калаа башчысы Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына юристтери Текебаевдин айткандары боюнча (жер тилкеси жана "Манас" аэропорту тууралуу) иликтеп жатканын айтып, кине табылары менен сотко арыз жазыла турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, президент аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов депутат Текебаев далилсиз сөздөрү үчүн сот алдында жооп берип калышы мүмкүндүгүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0