Илмиянов, Карашев, Ниязов, Исаков… ажонун ат кошчуларынын кирешеси канча?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желеги, архивдик сүрөт
Кыргызстандын желеги, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декларацияга ылайык, кызматкерлердин айрымдары кымбат унааларды минип жүрсө, кээси айлыктын көзүн карап жашайт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматы президенттин аппарат кызматкерлеринин 2015-жылы тапшырган декларациясын жарыялады. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги аппарат жетекчиси, президенттин кеңешчилери жана бөлүм башчылардын тапшырган декларациясын карап чыкты да, байлык-мүлкүн тизмектеп көрдү. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов

Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязовдун жылдык кирешеси 816 миң 055 сомду түзгөн. Анын 45,2 чарчы метрлик батири бар. Мындан башка 19,6 гектар жерге ээлик кылат. Дагы бир 1,6 гектар жердин 25 пайызы Ниязовдун карамагында. Бир кашары бар. 1984-жылы чыккан Audi 80 quatrro үлгүсүндөгү унаа минет. Жер иштеткенге 2007-жылкы ЛТЗ-60А үлгүсүндөгү трактор алып койгон. Жүк салына турган контейнер менен курулуш вагонго дагы ээлик кылат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезиденттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев
Депутат ЖК Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашев

Аалы Карашев үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Анын жылдык кирешеси 372 миң 976 сомду түзгөн. Темир тулпары жок. Анткен менен 111,6 чарчы метрлик үйү бар. 

Мира Карыбаева 19 күн мурун президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Бир жылда 758 миң 993 сом кирешелүү болгон. 174,4 чарчы метрлик батири бар. Унаасы жок. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов
Илмиянов Икрамжан Саттарович. - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов

Икрамжан Илмиянов 2015-жылдын 5-ноябрынан тартып президенттин кеңешчиси болуп эмгектенет. Бир жыл ичинде 316 миң 062 сом тапкан. 90,4 чарчы метрлик үйү бар. Мындан башка МАЗ 354323, Mazda 929 жана Daimler-Benz 200 үлгүсүндөгү унааларга ээлик кылат. Буга кошумча 1992-жылкы унаа чиркегичи бар.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев
Глава ГКНБ Бусурманкул Табалдиев - Sputnik Кыргызстан
Президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев

Бусурманкул Табалдиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалганына ноябрда бир жыл толот. Негизги ишинен 627 миң 565 сом тапкан. Ал эми 372 миң 587 сомду пенсия катары алган. 300 чарчы метрлик үй менен 106 чарчы метрлик батирге ээ. 2014-жылкы Toyota Prado үлгүсүндөгү унаа минип жүрөт. 

Президенттин аппаратынын бөлүм жетекчилери

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезиденттин аппарат жетекчисинин орун басарыны Сапар Исаков
Заседание организационного комитета по подготовке и проведению Года истории и культуры - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппарат жетекчисинин орун басарыны Сапар Исаков

Сапар Исаков 2011-жылдын 7-декабрынан тарта президенттин аппарат жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Жылдык кирешеси 853 миң 705 сомду түзсө, чыгашасы 3 миллион 933 миң 422 сомду чапчыган. 127,4 чарчы метрлик үйү бар. Унаасы жок. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУкуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов
Заведующий отделом правового обеспечения аппарата президента Анарбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов

Анарбек Исмаилов — Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы. Бир жыл ичинде негизги ишинен 1 миллион 884 миң 485 сом тапкан. Эмгек келишимдин негизинде кошумча 44 миң 691 сом кирешеге ээ болгон. 99,7 чарчы метрлик батири бар. Мындан башка 2005-жылкы Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаага ээлик кылат. 

Манасбек Арабаев — Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы. Кирешеси 831 миң 592 сомго жеткен. 45,3 чарчы метрлик батири бар. 

Велосипедчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жумушка "жөө барган" мэрлер. Декларация
Алмазбек Мусабеков — Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы. Бир жылда 732 миң 333 сом тапкан. Үйү, унаасы, жер тилкеси жок. 

Саякбай Субанов — Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы. Бир жылда 742 миң 994 сом айлык алган. Айыл чарба продукциясын сатуудан 12 миң сом кошумча каражат тапкан. 41,7 жана 77,7 чарчы метрлик эки батири бар. 9,029 гектар жерге ээлик кылып, 1999-жылкы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү темир тулпар минип жүрөт. 

Алмазбек Усенов — Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы. Жылдык кирешеси 693 миң 674 сомду түзгөн. 1999-жылкы Honda HR-V үлгүсүндөгү унаасы бар. 

Белгилей кетсек, Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы азырынча дайындала элек. Ал эми Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Заирбек Эргешов менен Финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Раушан Сейткасымова кызмат орундарына жаңы келгендиктен декларациялары көрсөтүлгөн эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0