Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаттардын орун жайы. Архивдик сүрөт
Депутаттардын орун жайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоорго 98 эл өкүлү макул деген добуш берсе, 6 депутат каршы чыкты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Добуш берип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ЖКны эки жаат кылган референдум өткөрүү боюнча демилге добуш берүүгө жөнөтүлдү
"КРдин референдум өткөрүү боюнча" мыйзам долбооруна ылайык, Конституцияны өзгөртүүнү демилгелөө үчүн чогултулушу керек болгон 300 миң кол 10 миңге азайтылып, демилге көтөрүү укугуна мындан ары президент эмес, өкмөт ээ болот. Мындан сырткары, буга чейин референдумдун жыйынтыгын атайын комиссия чыгарса, ал процедура эми БШКга берилет. Ошондой эле референдумга коюлган маселеге каршы же колдоо иретинде үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Аталган мыйзам долбоорго 98 эл өкүлү макул деген добуш берсе, 6 депутат каршы чыкты.

Аталган маселе каралып жатканда КСДП фракциясынын депуттары менен "Ата Мекендин" эл өкүлдөрү ортосунда кайым айтышуу болуп, Аида Салянова менен Наталья Никитенко мыйзамды долбоорун артка кайтаруу керектигин айтып чыгышкан. Анткен менен Иса Өмүркулов жана Төрөбай Зулпукаровдор эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун айтып, демилге добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0