Жогорку Кеңеште отурум башталбай жатып чыр чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйынынан архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин жыйынынан архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган талашка референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору себепкер болду.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү отуруму адегенде эле чыр менен башталды. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова
Бир Бол фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова
© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев
КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев - Sputnik Кыргызстан
2/3
КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев
© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов
КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов - Sputnik Кыргызстан
3/3
КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов
1/3
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова
2/3
КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев
3/3
КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов

Биринчи болуп сөз алган "Бир Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова "КРдин референдуму жөнүндө" мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу сунушун айтты. 

"Урматтуу Чыныбай Акунович, референдум жөнүндө мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салалы. Анткени аталган мыйзам долбоору комитетте каралганда мыйзам бузуулар болгону көрүндү. Коомдук талкуу жана экспертизадан өткөн жок", — деп Жакупова төрагага кайрылды. 

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтып, маселени күн тартибинде калтыруу талап кылды. Аталган пикирди Иса Өмүркулов да колдоого алды. 

"Мыйзам долбоору тармактык комитетте каралган. Мен да катышкам. Демилгечилер экспертизадан өтпөгөндүгү тууралуу регламент бузулганын айткан жок. Бул мыйзам каникулга кетип жатканда караганбыз. Суроолор, түшүнбөстүктөр жок. Маселени жөн эле артка жылдыруунун аракети болуп жатат. Ошондуктан күн тартибинде калтыралы", — деди Өмүркулов. 

Чолпон Жакупованын сунушу добушка коюп, 63 депутат каршы чыккандыктан маселе күн тартибинде калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0