ТИМ башчысы Абдылдаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугат

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү
КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолугушуу БУУнун 71-сессиясынын алкагында АКШнын Нью-Йорк шаарында өтөт.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эске сала кетсек, Эрлан Абдылдаев баштаган кыргыз делегациясы АКШда өтүп жаткан БУУнун 71-сессиясына катышып жатат. Аталган сессияга президент Алмазбек Атамбаевдин да катышуусу пландалган. Ден соолугунун начарлашынан улам өлкө башчы сапарын Түркиядан токтотууга мажбур болгон. 

"БУУнун 71-сессиясы 20-сентябрь күнү ишин баштады. КР делегациясы 24-сентябрда сөз кезегин алат. Иш-сапардын алкагында Абдылдаевдин БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун жана ПРООНдун администратору Хелен Хларк менен жолугушуусу пландалган", — деп айтылат маалыматта. 

71-сессиянын күн тартибине 173 маселе коюлган. 20-сентябрда башталган жыйын 26-сентябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0