Президент Атамбаев БУУнун сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко жөнөп кетти

© Пресс-служба президента КРИш сапар менен учакка отуруп жаткан Алмазбек Атамбаев. Архив
Иш сапар менен учакка отуруп жаткан Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчынын бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясындагы жалпы талкууга катышуу үчүн Нью-Йоркко жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев на заседании Совета глав государств – участников Содружества Независимых Государств в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КМШнын кезектеги саммити Москвада 2017-жылы 11-октябрда өтөт
Иш сапардын алкагында Атамбаев сөз сүйлөп, Башкы катчы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, өлкө башчы АКШнын бир катар ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0