Өзбекстанды убактылуу башкарган Мирзиеев президентикке талапкерлигин койду

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстанда президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиеев. Архив
Өзбекстанда президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Өзбекстанда президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Шавкат Мирзиеев президенттикке талапкер болду. Бул тууралуу РИА Новости Өзбекстандын БШКнын берген маалыматына таянып жазып чыкты.

"Саясий кеңештин отурумунда Өзбекстан либералдык-демократиялык партиясы Шавкат Мирзиеевди президентик кызматка талапкерлигин көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аскар Акаев Өзбекстанды жакынкы 5-10 жылда эмне күтүп турганын айтты
Эскерте кетсек, 2-сентябрда Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 78 жаш курагында каза болгон. Буга чейин премьер министр кызматын ээлеп турган Шавкат Мирзиеев Өзбекстандын өлкө башчысынын милдетин убактылуу аткарып калган. 

БШКнын төрагасы Мирза-Улугбек Абдусаломовдун маалыматына ылайык, шайлоо 4-декабрда өтөт. Президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0