Жээнбеков: Интернеттин кымбатташы боюнча маселени тез арада чечүү керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернет тарифин жогорулатуу маселесин караган атайын жумушчу жыйын учурунда
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернет тарифин жогорулатуу маселесин караган атайын жумушчу жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет тарифи тууралуу маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын жүрүшүндө көтөрүлө турган болду.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков интернет тарифин жогорулатуу маселесин караган атайын жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жыйынга Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков катышкан. 

"Интернетке карата баанын жогорулатылышы коомчулукта терс пикирди пайда кылды. Биз өз учурунда интернет колдонгон жарандардын кызыкчылыгын коргошубуз керек", — деп билдирген өкмөт башчы. 

Жыйындын алкагында Шаршембиев Казакстандын тийиштүү органдары менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. 

Ноутбукта кино көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Интернет жай иштегени аз келгенсип эмнеге кымбаттап кетти?
Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков маселе сентябрь айынын соңунда өтө турган Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйынында көтөрүлө турганын айтып өттү. 

Кеңешменин жыйынтыгы менен Жээнбеков эки ведомство жетекчилерине түзүлгөн кырдаалды тез арада чечүү тапшырмасын берди. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Homeline, "Акнет" жана Megaline компаниялары 10-сентябрдан баштап баалар өзгөрүп, Интернеттин алдымдыгы 3-4 эсе төмөндөй турганын расмий билдиришкен. Алардын берген маалыматы боюнча 1-августтан тарта Казакстан Кыргызстандын компанияларына Интернеттин баасын 2-3 эсе жогорулатып жиберген.

Кыргызстан Интернетти кайдан жана кантип ала тургандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0