Юстиция министри: коомдук керектөө үчүн Баш мыйзам жерлерди алууга жол берет

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министри Жылдыз Мамбеталиева. Архив
Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук муктаждык үчүн жерлер айрым бир критерийлердин негизинде алынат.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жеке менчиктеги жер тилкесин коомдун муктаждыгы үчүн алууга Баш мыйзам уруксат бере тургандыгын юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева билдирди. 

Ата-Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текебаев Бишкектин ортосундагы эски үйлөрдү түрттүрүү оюнан кайтты
Ведомствонун башчысы жума күнү жер колдонуу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан жарандар менен жолуккан. 

Жолугушуу учурунда Мамбеталиева жарандардын пикирин толугу менен уккан. 

Кыргызстандын Жер кодексинде мамлекеттик, муниципалдык жана коомдук керектөө үчүн жер тилкесин алып коюуга тыюу салынган. Бирок Баш мыйзамдын 12-беренесинде коомдук керектөө үчүн участкалык жер тилкеси соттун чечими менен алынышына жол берилет. Бирок жердин ээсине анын баасы төлөнүп берилиши керек. 

"Коомчулуктун керектөөсү үчүн жер тилкесин алууга Баш мыйзам жол берет. "Коомдук керектөөнүн" ичине жарандардын коопсуздугу, энергетикалык, инженердик, айлана-чөйрөнү коргоо жана жол куруу сыяктуу бир катар иштер кирет. Жер тилкеси ээсинен соттун чечими менен гана алынат. Ошол эле учурда жердин акысы ээсине акчалай төлөнүп берилет. Бирок жогорудагы талаптарсыз жерлер, албетте, алынбайт", — деп билдирди юстиция министри. 

Анын айтымына караганда мыйзам долбоордун коомдук талкуусу 2015-жылдын май жана 2016-жылдын июль айында облустардагы айыл аймактарда жүргүзүлгөн. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан бир нече ирет чагылдырылган. 

Аталган долбоор 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңештин экинчи окуусунан өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0