Путин менен Обама Сирия жана Украинадагы абалды талкуулады

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обаманын жолугушуу учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обаманын жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүү Ханчжоу шаарындагы эл аралык көргөзмө борборунда болгон. Путин менен Обама кол алышып учурашып, бир сааттан ашык баарлашкан.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Барак Обаманын жолугушуусу жогорку деңгээлде өтүп, белгиленген мөөнөттөн узакка созулган. Эки мамлекеттин башчылары Сирия менен Украинадагы абалды талкуулаганын орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

G20 саммитинин алкагындагы сүйлөшүүлөр Ханчжоудагы Эл аралык көргөзмө борборунда өткөн. Путин менен Обама кол алышып учурашып, бир сааттан ашык баарлашкан.

"Жолугушуу пландалгандан узак болду. Башкы маселе катары Сирия менен Украинанын маселесин талкуулашкан. Андан кийин Обама менен Путин бетме-бет жолугушту", — деп Песков журналисттерге билдирди.

Эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу жакшы өткөнүн Песков баса белгиледи.

Жолугушууга Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, маалымат катчы Дмитрий Песков жана тышкы иштер министри Сергей Лавров катышкан. АКШ тараптан мамлекеттик катчы Жон Керри катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0