Бүгүн Кыргызстанга ЖККУнун башкы катчысы Бордюжа келет

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжа. Архивное фото
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өлкөнүн жогорку аскердик жетекчилери менен жолугуп, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжа 1-3-сентябрь аралыгында Кыргызстанда болот. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мындай сапарды Бордюжа ЖККУга мүчө өлкөлөрдү кыдырып Тышкы иштер жана Коопсуздук министрликтеринин жана ЖККУнун коопсуздук боюнча комитетинин катчыларынын 13-14-октябрда Ереванда өтө турган жыйынына даярдык көрүү үчүн жасап жатат. 

"Иш-сапардын алкагында Бордюжа Президент Алмазбек Атамбаев, башкы штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров менен жолугат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, ЖККУнун Башкы катчысы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат. Муну менен катар 1916-жылы каза болгондор үчүн тургузулган мемориалдын ачылышына да күбө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0