Фарид Ниязов: жаңы Конституцияда бийлик узурпацияланат деген сөз туура эмес

Жазылуу
Бишкек шаарында тегерек стол өтүп, ага депутаттар, активисттер катышууда.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Конституцияны өзгөртүү менен бийлик узурпацияланат деген сөз туура эмес. Бул тууралуу президент аппартынын жетекчиси Фарид Ниязов Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси боюнча өткөрүлүп жаткан тегерек стол учурунда билдирди. 

Белгилей кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөргөн.

"Азыр Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандар арбын болуп жатат. Айрымдар жаңы өзгөртүүлөрдүн арты менен бийлик бир колго чогулат дешүүдө, бул туура эмес. Адам укуктары тепселенет, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары эбегейсиз көбөйөт дегендин баары чындыкка коошпойт", — деди Ниязов. 

Ал Конституциялык палата боюнча өзгөртүүлөр (жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Конституциянын чечими президент жана ЖКда каралат) жакшы жыйынтыкка алып келбейт дегендер да адашаарын кошумчалады.

Ал эми сөз кезегин алган депутат Чолпон Жакупова Ниязовго суроо узатты. 

"Референдум жолу менен өзгөртүүнү Иса Өмүркулов сунуштап, демилге президентке тиешелүү деди. Сиз болсо демилгени депутаттар көтөргөн деп жатасыз. Конституциядагы өзгөртүүлөр алты жыл ичинде бышып жетилди дедиңиз. Кимдин башында бышып жетилди? Ачыгын айтыңызчы, демилге кимге таандык?", — деди Жакупова. 

Фарид Ниязов жаңы өзгөртүүлөрдү президент аппараты менен фракция депутаттары (КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Кыргызстан" жана "Республика-Ата-Журт") биргеликте иштеп чыккандыгын билдирди.

Учурда тегерек стол уланууда.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0