Президент Атамбаев чек ара боюнча жыйын курду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев чек ара маселелери боюнча жыйыны учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев чек ара маселелери боюнча жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы жетекчилерден чек араны бекемдөө боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну, биринчи кезекте улуттук кызыкчылыкты сактоону талап кылды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-август күнү чек ара маселелери боюнча жыйын курганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Коргоо кеңешинин катчылыгы жана бир катар тийиштүү органдар тарабынан жасалып жаткан иштер менен таанышты.

Өлкө башчы жетекчилерден чек араны бекемдөө боюнча иштерди өз убагында жана сапаттуу аткарууну, биринчи кезекте улуттук кызыкчылыкты сактоону талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0