Боронов ӨКМдин бюджетинин кыскарышына нааразы болду

Жазылуу
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, ӨКМге эмдиги жылы быйылкыга караганда 47 миллион сом аз бөлүнөт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2017-жылы министрликке быйылкыга караганда 47 миллион сом аз бөлүнгөнүнө нааразы экендигин ӨКМ билдирди.

Боронов өз пикирин мамлекеттик бюджет каралып жаткан жыйын учурунда жар салды.

"Быйылкы жылы табият кырсыктарына көп акча бөлүндү. Кийинки жылы 47 миллион сомго аз бөлүнүп жатат. Эгерде күтүлбөгөн кырсыктар болуп кетке кошумча акча бөлөбүз", — деди каржы министри Адылбек Касымалиев. 

Каржы министринин бул сунушун ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов колдоого алган жок. 

"Биз жыл сайын уулуу калдык сакталуучу жайга 135 миллион сом керек дегенибиз менен 15 миллион сом гана бөлүнүп келет. Бул акча эч нерсеге жетпейт. Баланста 58 мындай жай бар, анын ар бирине жылына 257 миң сом коройт. Ал эми өрткө каршы кызматы акыркы жолу 2010-жылы көбүк сатып алган. Учурда өрттү суу менен өчүрүп келебиз. Бул узак убакытты алып, көп чыгым коройт", — деди Боронов. 

2017-жылы республикалык бюджеттин дефицити 23 миллиард 322 миллион сомго барабар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0