КРдин Малайзиядагы элчиси дипөкүлчүлүктүн жабылуу ыктымалдыгынан отставкага кетүүдө

© Фото / пресс-служба ЖККыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов. Архив
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарына таянып Султанов Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экендигине байланыштуу иштен кетип жатканын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Алмазбек Атамбаевдин атына отставкага кетүү боюнча арызы менен кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарына таянып Султанов Конституциянын өзгөрүшүнө каршы экендигине байланыштуу иштен кетип жатканын жазып чыгышкан.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Кожобаев кызматынан бошотулду
Ал эми Тышкы иштер министрлиги президенттин буйругу менен 2015-жылдан тарта чет өлкөлөрдөгү элчиликтерди оптимизациялоо тапшырмасы берилгендигин белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын башында Мешхеддеги (Иран) консулдук жай жабылган. Ал эми июнь айында Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин кызматкерлеринин саны кыскартылган.

Мындан тышкары эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсү байкалбаган өлкөлөрдөгү элчиликтерди жоюу же кайра уюштуруу пландалган. Андай элчиликтердин катарына Малайзия дагы кирген.

Мындай өзгөрүүлөр боло тургандыгы тууралуу Султанов Бишкекке июль айында командировкага келгенде кабардар болгон.

Комментарий үчүн Султановдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0