КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Кожобаев кызматынан бошотулду

Жазылуу
Кожобаев бул кызматка мындан төрт жыл мурун дайындалган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кожобаев Екатеринбург шаарынан тышкары Сибирь жана Урал федералдык аймактарында да кызмат өтөп келген.

Эскерте кетсек, Кожобаев башкы консулдук кызматка 2012-жылдын сентябрь айында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0