Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны аяктады

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүСочиде өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны
Сочиде өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңейтилген жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин бир катар маселелери министрлер менен адистердин катышуусунда талкууланат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Сочиде өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны аяктады. Бир аз тыныгуудан кийин жыйын кеңейтилген курамда уланат. 

Белгилей кетсек, Сочиде 11-12-август аралыгында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков башында турган Кыргызстандын делегациясы катышууда. 

"Министрлер кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Бир аз тыныгуудан кийин жыйын кеңейтилген курамда улантылат", — деп өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди. 

Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты
Кеңейтилген курамдагы жыйында ЕАЭБдин Бажы кодекси боюнча келишим талкууланат. Бул маселе боюнча баяндамачы катары коллегиянын мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов сүйлөйт. 

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр өкмөттөр аралык келишимдин аткарылышы боюнча маалымат беришет. 

Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды жүгүртүү учурунда озонго зыян келтирүүчү заттарды эсепке алуу боюнча макулдашууга Кыргызстандын кошулушу боюнча протокол талкууланат. 

Жыйындын алкагында Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийинки ЕАЭБдин алкагында соода жүгүртүү маселеси дагы ортого салынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0