Текебаев: мен премьер болсом, депутаттар ажатканага жардамчымдан суранып барып калат

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө арналган маалымат жыйында
Депутат Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө арналган маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү жалпысынан референдум өткөрүүнү колдобой турганын, өзгөртүүлөр өтө шашылыш кабыл алынып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Премьер-министр болсом, депутаттар ажатканага жардамчыларымдан суранып барып калышат. Мындай пикирди депутат Өмүрбек Текебаев Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө арналган маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, премьер-министрдин укугу кеңейе турганы туура чечим болгону менен мында аткаруу бийлиги ашкере күчтөнүп кетет.

"Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары көбөйүп жатат. Ооба, өкмөт башчы болуп шайланган депутаттын мандаты калсын. Бирок азыркы сунуш боюнча анын бийлиги аша чаап кетет. Эгер мен өкмөт башчы болсом мага жарым жыл жетет. Депутаттар менден эмес, жардамчымдан сурап ажатканага барып калышат", — деди Текебаев.

Эл өкүлү жалпысынан референдум өткөрүүнү колдобой турганын, өзгөртүүлөр өтө шашылыш кабыл алынып жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, июль айынын соңунда КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышкан. Авторлордун айтымында, Баш мыйзамга 30га чукул өзгөртүү киргизилет. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов демилге Конституциянын кемтик жерлерин толуктоого багытталарын айтып, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактап турарын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0