Жээнбеков Сочиде өтө турган ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин премьер-министр ТИМ башчысын кабыл алып, Бишкекте өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитине даярдык тууралуу маалымат алган.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 11-12-август күндөрү Сочиде өтө турган Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына катыша турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдеги бир жыл — эксперттер биримдиктин оң жана терс жактары жөнүндө
Шаршемби күнү Жээнбеков тышкы иштери министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып, боло турган жолугушууну талкуулаган. Маалыматка ылайык, премьер-министрлер Сочиде ЕАЭБдин бирдиктүү рыногун, анын ичинде дары-дармек рыногун түзүү маселелери ортого салынмакчы.

ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары Сочиде 12-август күнү жолугат.

ЕАЭБ — Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык айдыңдын базасында түзүлгөн эл аралык интеграциялык экономикалык биримдик. Учурда ага Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0