Путин менен Эрдоган Санкт-Петербургда жолукту

© REUTERS / SERGEI KARPUKHINРоссиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда
Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2015-жылы 16-ноябрда Антальяда өткөн G20 саммитинде жолуккан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган Россиянын учагы атып түшүрүлгөндөн кийин биринчи жолу Санкт-Петербург шаарында Константиновский сарайында жолукту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Sputnik Türkiye маалымат агенттигинин билдиришинче жолугушуу бир сааттай кеч башталды. Эки мамлекет башчысынын жолугушуусун чагылдыруу үчүн Европа, АКШ, Орто Азия, Кытай жана Япония мамлекеттеринен 200дөн ашык журналист келген.

Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2015-жылы 16-ноябрда Антальяда өткөн G20 саммитинде жолуккан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия президенти Эрдоган Путинди "досум" деп атады
Жолугушууга ошондой эле Россия тараптан ТИМдин башчысы Сергей Лавров, тышкы иштер боюнча президенттин кеңешчиси Юрий Ушаков катышууда. Түрк тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, түрк президентинин аппаратынын башкы катчысынын орун басары Ибрагим Калын бар.

Маалыматтарга ылайык, Россия менен Түркиянын президенттери чартердик каттамдарды жандантуу, түрк товарларын Россияга экспорттоо маселелерин талкууга алат. Ошондой эле Россиядагы түркиялык курулуш компанияларынын иштери, Түркиядагы "Ак кую" атомдук электр станциясынын курулушу жана "Түрк агымы" газ куурунун иши да каралат.

Өлкө башчылары жолуккандан кийин отурум жабык эшик артында уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0