Өмүркулов: Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 80 депутат колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуло. Архив
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбооруна эл өкүлдөрүнүн көбү эс алууда болгондуктан баары кол коюуга үлгүргөн эмес.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 80ден ашуун депутат колдоду. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Ал аталган мыйзамды демилгелөө учурунда төрт фракциянын депутаттары бул долбоорду колдой тургандыктарын билдиришкенин айтып өттү.

"Каникул башталып, депутаттардын көбү региондордо иштеп жаткандыктан долбоорго баары кол коюуга жетишпей калды. Улам келгени кол коюп жатат. Өзгөртүү киргизүүнү 80ден ашуун депутат колдоп берди", — деди Өмүркулов.

Эскерте кетсек, Баш мыйзамга референдум жолу менен өзгөртүү киргизүүнү КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары демилгелеп чыгышкан.

Конституция кандайча өзгөрө турганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган төмөнкү материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0