Токтогул ГЭСин куруудагы зыян үчүн төлөнүүчү компенсация 70 млн. сомго жогорулады

Жазылуу
Буга чейин аталган компенсациянын көлөмү 43 миллион сом болчу.

БИШКЕК, 2 авг — Sputnik. Токтогул ГЭСин куруудагы зыян үчүн төлөнүүчү компенсация 70 миллион сомго жогорулаганын президенттин маалымат кызматы билдирди. 

"Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. 

"Буга чейин "Электр станциялары" ишканасы Токтогул районунун тургундарына 43 миллион сом төлөп келсе, мындан ары 70 миллион сом төлөнөт", — деп айтылат маалыматта. 

Токтогул ГЭСи курулганда аталган райондун Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын жака белинин бир канча сугат жерлерин жана токойлорун суу каптап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0