Облус жетекчилеринин жана акимдердин ишине баа берилет

Жазылуу
Премьер-министр өкмөттүн жыйынын өткөрүп, аймактагы өкүлдөр жакшы иштебей жатканын айтты.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9 айы ичиндеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча облус жана район жетекчилеринин ишине баа берилет. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жыйынында билдирди.  

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр мамлекеттик кызматтардын штатын көбөйтүүгө мараторий киргизди
Баалоонун негизги критерийлери катары тартылган инвестициялардын көлөмү, жаңы жумушчу орундардын саны, ички миграция деңгээли болуп саналат.

Мындан сырткары өкмөттүн жыйынында КРдин Экономика министри Арзыбек Кожошев тогуз ай ичиндеги экономикалык өсүштөр тууралуу баяндама жасады. 

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Экономика министринин баяндамасына терс пикир айтып, аймактагы өкүлдөр жакшы иштебей жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0