Ысык-Көл облусундагы эки аким кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина кладет бумаги в портфель.
Мужчина кладет бумаги в портфель. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүндө кеңири жыйыны өттү.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ысык-Көл менен Түп райондорунун акимдеринин иштери катуу сынга алынып, алардын коомдук тартипти сактоодо көзөмөлдөө иштерин жакшы жүргүзбөгөнү облустук коллегияда айтылган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган райондордун акимдери Раимбек Имангазиев менен Ишен Кожалиев өкмөт башчынын атына кызматынан өз ыктыяры менен кетүү тууралуу арыз жазганы маалымдалды.

"Ар бир жетекчи мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө жана ага ишенилип берилген шаар, районго керт башы менен жооп берет", — деди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Асхат Акибаев.

Бул иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, район, шаар башчылары, укук коргоо жана күч органдарынын аймактык жетекчилери, курулуш компаниялары менен коомдук уюмдар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0