Атамбаев укук коргоо органдарынын системасын реформалоочу чечимге кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш кабинетинде. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев иш кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо кеңеши мамлекеттүүлүктүн базалык факторлорунун бири болгон Кыргызстандын укук коргоо органдарынын системасы азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бербейт деп белгилеген.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев КРдин Коргоо кеңешинин өлкөнүн укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чечимге кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул чечимдер Коргоо кеңештин 2016-жылдын 4-июлунда Мамлекет башчынын жетекчилиги алдында өткөн отурумда кабыл алынган.

Анда өкмөткө төмөнкү тапшырмалар берилген:

  • КР Мамлекеттик чек ара кызматын күчтөндүрүү;
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго премьер-министр сөгүш жарыялады
Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшү жаатындагы, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча функцияларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берүү;
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча функцияларды өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын карамагына өткөрүп берүү;
  • Жазык-укуктук статистика функцияларын Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүп берүү;
  • Коргоо кеңеши мамлекеттүүлүктүн базалык факторлорунун бири болгон Кыргызстандын укук коргоо органдарынын системасы азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп бербейт деп белгилеген. Буга байланыштуу мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун камсыз кылууда анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында аны түп-тамырынан бери реформалоо талап кылынат деп эсептеген.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0