БШК Кара-Көл мэрин шайлоону 21-июлга белгиледи

© Sputnik / Борис Ушмайкин / Медиабанкка өтүүЖалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаары. Архив
Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки шайлоо бир да талапкердин тийиштүү көлөмдө добуш ала албаганынан улам болбой калган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэрин кайтадан шайлоо 21-июлда өтө турганын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. 

Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жыргалбек Саматов мандатынан ажырады
Буга чейин 4-июлга белгиленген шайлоо бир да талапкердин тийиштүү көлөмдө добуш ала албаганынан улам болбой калган. 

Шаардын мурунку мэри Мамбет Койчиев июнь айынын башында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кызматынан алынган. Ага чейин облустук прокуратура Койчиевге карата мыйзам бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун айтып, өкмөт башчыга сунуш киргизген.

Койчиев жер тилкесине байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге барган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0