Коомчулукту ызы-чуу кылган мыйзам долбоорлору. Намаз, нике, батирлер…

Жазылуу
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары ишин жыйынтыктап, жайкы эс алууга кетти. Sputnik Кыргызстан эл өкүлдөрүнүн парламентте отурган сегиз ай ичиндеги жазган чуулгандуу, коомчулукта кызыл-чеке талкуу жараткан мыйзам долбоорлорун тизмелеп көрдү.

Секелектердин тагдыры, депутаттар кантип актанды. Депутат Аида Салянованын Үй-бүлө жана Кылмыш кодексине жашы жете электердин никелешүүсүнө тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоору дин ишмерлерин, укук коргоочуларды жана депутаттардын өздөрүн бир топ дүрбөттү. Алгач документ чийки деген депутаттардын көбү бул мыйзам долбоордун кабыл алынышын май айынын аягында четке каккан. Бирок коомчулуктун реакциясынан соң, "ордума башкалар добуш берип коюптур" деген депутаттардын бир тобу секелектердин тагдырын чечкен мыйзамды эки жумадан кийин кайра биринчи окууда колдоого аргасыз болду. Жыйынтыгында 69 депутат макул болсо, 30у каршы бойдон кала беришти.

Добуш берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖКда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жактырылды
Намаз убактысын узартуу мыйзамынан чыккан чыр. Намаз убактысын узартуу боюнча мыйзам кыргыз коомчулугунда буга чейин болуп көрбөгөндөй талкуу жаратып, атургай ажо Алмазбек Атамбаев өзү териштирип жиберди. Намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу боюнча депутат Тазабек Икрамовдун демилгеси тармактык комитетте колдоо тапкан эмес. Ага каршы добуш берген депутаттар — Жанар Акаев, Аида Исмаилова, Гүлкан Молдобекова, Алмазбек Токторовго аалым Чубак Жалиловдун кусаматы күч болду. Ал депутаттарга бет келип калса кол алып учурашпастыгын, керек болсо ары карап кетишсе жаназасына баруу деген болбой турганына чейин жазып да жиберди. Атамбаев диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө жол бербөө керектигин айтты да, ошону менен маселе бас-бас болгон өңүткө өттү. 

Тойго 100дөн ашык киши келбесин! Депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында баланы бешикке салуу жөрөлгөсү, ажыга баруучуларды узатуу жана туулган күн үй-бүлөлүк чөйрөдө гана майрамдалсын делген. Ал эми "Тушоо кесүү", "Сүннөт тойго" келе тургандардын саны 100дөн ашпашы зарыл деп айтылган. Кыз узатуу аземи 50дөн ашпаган адамды чакыруу менен чектелүүгө тийиш болчу. Мындай демилгеге коомчулуктун көп бөлүгү чалкасынан кетти. Ал эми депутаттар ичинен муну саясий элита өзү башташы керектигин айтышты. Ошентип коомчулукта гана эмес, парламенттин ичинде эле буга тескери карагандар арбын болуп, мыйзам четке кагылып кала берди. 

ЖК депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: уйчасынан мөөрөп жатабыз, регламентибиз алты жолу авария болгон унаадай
Көптөрдүн көңүлүндө турган документ. "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга толуктоо киргизүү коомчулукта көп талкууланган документтердин бири болду. ЖМКлардын уставдык капиталында чет элдиктердин катышы 20 пайыздан ашпашы керек деген талап коомчулуктун бир бөлүгүн безге сайгандай чочутту. Демилгечилер өлкөдө маалыматтык коопсуздук зарылдыгы келип чыкты деген жүйө алып чыккан. Мыйзам эл өкүлдөрүн эки жээкке бөлүп, кайчы пикирлерди жаратты. Аталган документти парламенттин кароосуна бир коюп, бир алып жатып… акырында ал кайрадан ЖКга кайтарылып келди. Учурда бул документ болуп көрбөгөндөй тыкыр байкоодо. Ага учурда бир катар ЖМК өкүлдөрү, медиа адистер, укук коргоочулар көз салып, тагдыры кандай болуп кетер экен деп карап турушат. 

Унаа ээлеринин урматына арзыган демилге. Өкмөттүн Мамлекеттик камсыздандыруу, анын ичинде автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы калкты бир топ түйшөлтүп, ал тургай нааразычылыктарды жараткан. Анын акыркы мөөнөтү 2016-жылдын 7-февралына белгиленген. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары унааны сөзсүз камсыздандырууга милдеттендирген мыйзамды кийинкиге жылдырууну демилгелеген. Кечээ депутаттар мунун убактысын жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Анда темир тулпарларды милдеттүү камсыздандырууну 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу каралган. Муну менен алар шайлоочулардын келечектеги добуштарына ээ болгондой пикир калтырды. 

Камсыздандыруу полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК: унааны милдеттүү камсыздандыруунун убактысы 2,5 жылга жылды
Референдум өткөрүү боюнча мыйзам эмне жыттанат? Бүгүн депутаттар эс алууга кетер алдында салмагы атан төөдөй болгон "Референдум өткөрүү боюнча конституциялык мыйзам долбоорунун" концепциясын карады. Анда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүүгө 300 миң добуштун ордуна 10 миң болушу каралган. Жалпы элдик добуш берүүнү эми президент эмес, өкмөт демилгелеши керектиги жазылган. Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылып, биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди. Коомчулукта ал кабыл алынары менен өлүм жазасын киргизүү боюнча демилге сунушталышы мүмкүндүгү айтылууда. 

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин өткөн чакырылыштын депутаттары мөөнөтүнүн аягында талкуулап, анда коомчулук ар кыл пикирлерин билдирип, кийин ал колдоо тапкан эмес. 

Депутаттык артыкчылыктар… сумсайган эл өкүлдөрү. Күздөгү шайлоо алдында эл менен жолукканда депутаттыкка талапкерлердин бир тобу болгон-бүткөн артыкчылыктан баш тартууга убада беришкен. Ал тургай шайлоого аттанган саясий партиялар коомчулук алдында бири-бирин буга үндөп, атайын документке кол койгонго да жетишкен. Алгач кызматтык унаа менен бир жардамчыдан баш тартышты. Кызыктын баары кызматтык батирлерден баш тартуу боюнча мыйзамга келгенде башталды. Бир катарлары экинчилерине "убаданы эл алдында ойлонуп туруп бергенде болмок" маанайында сумсайса, экинчилери эми кантебиз деген тейде кыйылып туруп алышты. Тагыраагы мыйзам долбоорун колдобой коюшту. Бирок ары карап ыйлап, бери карап күлүп, кызматтык батирден баш тартууга көнгөндөй болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0