Парламент Улуттук банктын былтыркы ишине оң баа берди

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банк имаратынын киришиндеги тактача. Архив
Улуттук банк имаратынын киришиндеги тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү Улуттук банктын сомдун кунун сактап калганын баса белгилешти.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук банктын (УБ) 2015-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун жактырды.

Эл өкүлдөрүнө жылдык отчетту башкы банктын жетекчиси Толкун Абдыгулов берди. 

Талкуу учурунда көпчүлүк депутаттар колдоого аларын айтышып, Абдыгуловдун ишмердүүлүгүнө оң баа беришти. Мындан сырткары, депутаттар былтыр УБнын сомдун кунун сактап калганын баса белгилешти.

Жылдык отчетту 92 депутат жактырса, бир эл өкүлү каршы пикирин билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0