ЖК биринчи окууда чет элдиктердин телеканалдарга ээ болуусуна чектөө койду

© Sputnik / Табылды КадырбековОператор пресс-конференция учурунда. Архив
Оператор пресс-конференция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору буга чейин да талкууланып, эл өкүлдөрүнүн арасында талаш-тартыш жараткан.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Депутаттар жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берди. 

Депутаттын иш жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттардын кызматтык үйдөн баш тартуусу боюнча демилге кайра добушка коюлат
Документти 79 депутат колдоп, 30у каршы добуш берди.

Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, мыйзам долбоор боюнча телеканалдарга ээлик кылган чет элдиктердин үлүшү 35, КР жарандарынын үлүшү 65 пайыз болушу керек. 

Эске сала кетсек, өткөн аптада мыйзам долбоору чийки деген жүйөө менен маселе күн тартибинен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0