Путин, Саргсян жана Алиев Карабахтагы келишпестик боюнча сүйлөшүштү

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүВладимир Путин, Серж Саргсян жана Ильхам Алиев Карабахка тиешелүү маселелерди Санкт-Петербургда талкуулашты
Владимир Путин, Серж Саргсян жана Ильхам Алиев Карабахка тиешелүү маселелерди Санкт-Петербургда талкуулашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия, Армения жана Азербайжандын өлкө башчылары үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахтагы келишпестикти көзөмөлгө алууну күчөтүүнү чечишти. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. 

Дүйшөмбү күнү үч мамлекеттин лидерлери — Владимир Путин, Серж Саргсян жана Ильхам Алиев Карабахка тиешелүү маселелерди Санкт-Петербургда талкуулашты. 

"Путин, Алиев жана Саргсян үч тараптуу бир келишимге келишти. Анда өнүгүүгө багытталган саясатты жүргүзүү тууралуу айтылат", — деп билдирди Лавров. 

Автомат кармап турган аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баку Карабахтагы ок атууну токтотуу келишими 25 ирет бузулганын айтты
Анын айтымында, акыркы күндөрү Карабахта элдешүү сакталып турат. Бирок ошентсе да үч тараптуу сүйлөшүүлөр улантылмакчы. Мындан тышкары, үч мамлекеттин башчылары маселени чечүүгө багытталган жетишкендиктерди карап чыгышты. 

Эске салсак, Карабахтагы элдешүүдөн кийинки келишпестик үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде болуп өттү. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын аскер кызматы тарабынан чабуулдар болуп жатканын билдирген. Ал эми Армениянын аскердик ведомствосу тескерисинче Азербайжан тараптан чабуулдар болуп жатканын ырастаган. 

Армения менен Азербайжандын ортосундагы ок атуу 5-апрелде токтотулган. Бирок эки тарап бири-бирин дагы деле ок чыгарды деп күнөөлөп келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0