БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп Айнура Тезекбаева дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тезекбаева буга чейин "Айыл банк" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп келген.