КСДПчы Халикова мандатын тапшырып, ордуна Исаков келди

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Ашэра Халикова. Архив
КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Ашэра Халикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын арызы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында канааттандырылды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бүгүн КСДП партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Ашэра Халикованын мандатын тапшыруу боюнча жазган арызы каралып, ал канааттандырылганын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШКнын токтому менен КСДП партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Музаффар Исаков Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0