Чыныбай Турсунбеков менен Алтынбек Сулайманов сөз талашып айтыша кетишти

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл өкүлү Алтынбек Сулайманов. Архив
Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Жогорку Кеңештин отуруму өтүп, анда депутаттар лицензия, унаа маселелерин талкуулап жатышат.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов төрага Чыныбай Турсунбековдун табло менен эмес, кол көтөртүп сүйлөткөнүнө нааразы болду.

Депутаттар "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкуулоодо. 

Сулайманов спикер педагог болуусун токтотуу керек деген ойдо. 

"Урматтуу төрага, таблону эмнеге бербей жатасыңар? Мектептеги окуучулардай кылып кол көтөртөсүз. Ичи тарлык кылбаңыз", — деди Сулайманов. 

Ал эми спикер депутаттын сынына байкап сүйлөңүз таризинде жооп узатты. 

"Табло керекпи сурасам эч ким үн катпады. Сизден эч нерсе аяган жокпуз, каалаганча пикир айткыла. Кичине сөздү байкап сүйлөсөңүз", — деди Турсунбеков. 

Учурда Жогорку Кеңештин отуруму уланып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0