Атамбаев: Кыргызстан КМШны реформалоого прагматикалык мамиле жасоону жактайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы КМШ уюмун трансформациялоо зарылдыгы жана КМШнын тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту Кыргызстан колдогонун айтып өттү.

БИШКЕК, 7-июн. —Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен жолукту.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы делегация башчыларынын ишине ийгилик каалады. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен
Заседание Совета глав правительств стран СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин Бишкектеги жыйынына катышып жаткан делегациялардын башчылары менен

"Быйылкы жылдын сентябрында Бишкекте Шериктештикке мүчө мамлекет башчыларынын катышуусу менен КМШнын юбилейлик саммити өтөт. Албетте, мен сиздердин жана Уюмдун секретариатынын албан аракеттерине жараша Бишкек саммитин жакшы өткөрөбүз деген үмүттөмүн", — деп белгиледи Атамбаев.

Ал аталган уюмду трансформациялоо зарылдыгы жана КМШнын тармактык органдарын реформалоо жөнүндө сунушту Кыргызстан колдогонун эскертип, бардык чечим так жана кынтыксыз эсептелип, Кыргызстан КМШны реформалоо маселелерине тең салмактуу жана прагматикалык мамиле жасоону жактарын белгиледи.

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Карим Масимов келди
Мамлекет башчысы КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар Кеңешинин алдыдагы жыйыны Уюм мүчөлөрүнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү маселелери боюнча конструктивдүү пикир алышуусу үчүн талкуулар аянтчасы болуп каларына ишенерине токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга Азербайжан премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы, Армениянын биринчи вице-премьери Ваче Габриелян, Беларуссиянын премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстандын премьер-министри Карим Масимов, Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Молдованын премьер-министри Павел Филип, Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстан Министрлер кабинетинин төрагасынын транспорт жана байланыш боюнча орун басары Сатлык Сатлыков, Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0