Пикир алмашуу аянтчасы — Сариев КМШ премьерлеринин саммити тууралуу

Жазылуу
Саясат таануучу Марс Сариев көшөгө артында КМШнын ишмердүүлүгүнө байланышпаган маселелер да каралышы мүмкүн экенин белгилейт.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жөн гана формалдуулук болуп калганына карабастан КМШ өкмөт башчыларынын саммити Евразия айдыңындагы көйгөйлөрдү талкуулай турган жападан жалгыз аянтча болот. Бул тууралуу саясат таануучу Марс Сариев билдирди.

Эскерте кетсек, 6-7-июнь күндөрү Бишкекте КМШ премьер-министрлеринин жыйыны өтөт. Ага Россия, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Молдованын өкмөт башчылары жана Азербайжан, Армения, Түркмөнстан, Өзбекстан премьер-министрлеринин орун басарлары, ошондой эле Украинанын элчиси, КМШ аткаруу комитетинин төрагасы катышат. 22 маселе каралып, жети документке кол коюу күтүлүүдө.

"Россия менен Украинанын мамилеси дээрлик жок, бирок Киев саммитке өзүнүн элчисин жөнөтүп жатат. Арсар турган Молдова үчүн да КМШ форматы ар кыл экономикалык жана саясий маселелерди чечип алууга шарт түзүп берет", — деди Сариев. 

Ал РФ премьер-министри Дмитрий Медведевдин келиши менен Россия Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш катары кабылдай турганынан кабар берерин айтты.

"Албетте, бул жакшы көрүнүш. Ал эми энергетикалык багытта кызматташуу боюнча документтерге кол коюлушу ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр үчүн КМШ форматы абдан ыңгайлуу экенин далилдеп турат", — деди эксперт.

Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМШ саммити учурунда кайсы көчөлөр жабылары аныкталды
Сариев саммиттин көшөгө артында КМШнын ишмердүүлүгүнө байланышпаган маселелерди да чечүүгө аянтча болуп берерин белгиледи. Жакында эле коңшу Казакстан ЕАЭБ өкмөт башчыларын кабыл алса, эми Карим Масимов Бишкекке келгени жатат. Мында Атамбаев Астанада козгогон маселелер талкууланышы толук мүмкүн.

Саясат таануучу сентябрда Бишкек өлкө эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын өткөрө турганын, ага КМШ мамлекеттеринин бийлик башчыларынын катышуусу чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.

"Батыш тараптан жасалып жаткан кысымдан улам КМШ ар башка багытта өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин башын бириктирүүчү аянт болот", — деди ал.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) — мурунку СССРдин курамына кирген мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0