Шейшенкул Бакиров кызматынан кетти

© Фото / пресс-служба ГАФКиСЖаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда директордун милдетин агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова аткарууда.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шейшенкул Бакиров өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Кабыл Макешов билдирди.

Анын айтымында, Бакировдун жумуштан кетүү боюнча арызы канааттандырылып, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Учурда директордун милдетин агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова аткарууда.

Бакиров аталган кызматка былтыр июль айында келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0