Россия менен Казакстандын өкмөт башчылары расмий сапар менен КРге келишет

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов. Архив
Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Россия менен төрт документке кол койсо, Казакстан менен КР жарандарынын аталган өлкөдө жүрүү тартибин карайт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанга расмий сапар менен Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов келет. Бул тууралуу ТИМдин Биринчи саясий департаментинин директору Айбек Молдогазиев маалымат жыйында билдирди.

Расмий сапарлар 6-7-июнда Бишкекте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагында болот. 

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Медведев менен 6-июнь күнү жолугуп, төрт документке кол коюлат:

  • Эки өлкө ортосундагы мунай жана мунай продуктулары жаатында кызматташуу боюнча макулдашуу;
  • Социалдык-эмгек багытындагы кызматташуу;
  • Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасы;
  • Интеллектуалдык менчик жана кызматташуу программасы боюнча меморандум.

Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМШ саммити учурунда кайсы көчөлөр жабылары аныкталды
Молдогазиевдин айтымында, жолугушууда мындан тышкары, ар кыл багыттагы маселелер козголмокчу. 

Жээнбеков менен Масимовдун жолугушуусу 8-июнга белгиленген. Бул күнү Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт аралык кеңеши өтүп, анда экономикалык байланыш, инвестиция, соода-экономикалык, чек ара, маданий, гуманитардык кызматташуу багытындагы маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, КР жарандарынын Казакстанда жүрүү тартиби жана Казакстандын техникалык жана материалдык жардам көрсөтүү маселеси ортого салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0