Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Беш өрдөк: Турганбаевдин жаңы кызматы жана премьерге жакпаган министрлер

© Sputnik / Расул УсеналиевПресса Кыргызстана
Пресса Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

"Жаңы Агым" гезити 27-майда чыккан санында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамын жакын арада өзгөртө турганын айтты.

"… Сооронбай Жээнбеков өкмөттөгү кадрлардын деңгээлине ичи чыкпай чоң кадрдык өзгөрүүгө барарын ойлонуп жатыптыр. Азырынча бул боюнча өкмөт башчысы "черновой" план түзүп, анда саламаттык сактоо, билим берүү, маданият министрлерин, ошондой эле бир канча министрликтеги орун басарларды, башкармалыктын, салык кызматынын беделдүү аткаминерлерин ээлеген кызматынан шыпыруу максатын койгон", — деп жазат.

Өкмөттүн маалымат кызматы бул маалыматтар боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Мелис Турганбаев Коргоо кеңешине барат экен

"Ачык Саясат plus" гезити 27-майда чыккан санында жакын арада Мелис Турганбаев Коргоо кеңешинин катчылыгына бара турганын маалымдады.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев отставкага кетишинин себебин айтып берди
"…элдик парламент боюнча УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди президентке жамандап коюшкан экен… Мунун кесепетинен Сегизбаев кызматынан алынып, анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров келиши күтүлүп жатыптыр. Ал эми Темир Жумакадыровдун ордуна ИИМ башчысы Мелис Турганбаев барып калышы мүмкүн экен", — деп жазат аталган гезит.

Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде булар ушактын гана деңгээлиндеги кептер экенин айтты.

"Чынында мен мындай нерсени азыр угуп жатам. Булар ушактын деңгээлиндеги гана кептер", — деди ал.

Белгилей кетсек, 30-майда президент Атамбаев Мелис Турганбаевди кызматынан бошотуу боюнча буйрукка кол койгон. 

Акимдиктен "губернаторлукка" секирик

"Ачык Саясат plus" гезитинин 27-майда чыккан санында Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин Жалал-Абадга башчы болуп келе турганы жазылды.

"Жалал-Абад облусунун губернатору Жумагүл Эгембердиева ээрден оодарылганы калыптыр. Айрым узун кулактардын айтымында, анын ордуна Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев келет экен", — деп жазат аталган гезит.

Бишкек ШИИБдин расмий сайтынан тартылган сүрөт. Жунушалиев Кашкар Астаканович. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ башчысынын милдетин Кашкар Жунушалиев аткармай болду
Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине мындай маалыматты журналисттерден биринчи жолу угуп жатканын билдирди.

"Чынын айтсам, мындай сөздү силердин биринчи жолу угуп жатам. Гезиттер эми ар кандай имиштерди жаза берет экен", — дейт ал. 

Жумагүл Эгембердиева өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы атайын ыйгарымдуу өкүлү болуп 2014-жылдын октябрь айында дайындалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0