ИИМ башчысынын милдетин Кашкар Жунушалиев аткармай болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек ШИИБдин расмий сайтынан тартылган сүрөт. Жунушалиев Кашкар Астаканович. Архив
Бишкек ШИИБдин расмий сайтынан тартылган сүрөт. Жунушалиев Кашкар Астаканович. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген Жунушалиевдин талапкерлигин президентке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ички иштери министринин милдетин Кашкар Жунушалиев аткарат. Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-майда кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчысы ИИМди жетектеп турган Мелис Турганбаевди кызматынан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Бишкек Шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген Жунушалиевдин талапкерлигин президентке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. 

Жарлык кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0