Жогорку Кеңеш июнь айындагы календардык планды бекитти

Жазылуу
Жогорку Кеңеш 1-2-июнда Нарын, Баткен шаарларын таза суу менен камсыз кылуу, ипотекалык баалуу кагаздар сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлорун карай турган болушту.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин координациялык кеңеши июнь айындагы календардык план менен 1-2-июндагы жыйындардын күн тартибин бекитти. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтына жарыяланды. 

Диний китеп жана четка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм менен никелешүүгө тыюу салууга кайсы депутаттар каршы чыкты?
Төрага Чыныбай Турсунбековдун жетекчилиги менен өткөн жыйында бекитилген күн тартипке ылайык 1-июнда судьялардын статусу, жергиликтүү кеңеш депутаттарынын статусу жана ички жер которуу сыяктуу бир катар мыйзам долбоорлору каралат. Ошондой эле Нарын, Баткен шаарларын таза суу менен камсыз кылууга жана каналдаштыруу турумдарын реабилитациялоого багытталган мыйзам долбоорлорун кароо киргизилген.

Ал эми 2-июндагы парламент жыйынында "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "КР турак-жай кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Сугат айдоо жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөгү", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” мыйзам долбоорлору талкууга коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0