Ибраимов vs Кадырбаев. Мэрлердин ырлары менен чырлары

Жазылуу
Бишкек жана Ош шаарларынын башчылары эмнеси менен күчтүү да, кайсыл кадамы менен эл оозуна алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 25 май — Sputnik. Ош шаардык кеңеши шаардын мэрин шайлап, КСДП фракциясынан сунушталган талапкер, мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевге 41 депутат добуш берди

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы сунуштаган экинчи талапкер Алишер Мойдуновду төрт депутат колдогон. Добуш берүүгө 45 депутат катышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМэр города Ош Айтмамат Кадырбаев.
Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев. - Sputnik Кыргызстан
Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев.

Бишкек жана Ош шаары өлкө боюнча эң чоң шаар болгондуктан ар убак бири-бирине атаандашып келет. Атаандашуу кээде өнүгүү жаатында болсо, айрым учурда шаар тазалыгы жана кооздугуна чейин жетет. Керек болсо кээде эки шаарга тигилген балатынын узундугу менен кооздугу да жарышка түшөт. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет калаа башчыларды салыштырып, мырзалардын кимиси мыкты экенине көз чаптырып көрдү. 

Жашы:

Бишкек мэри Албек Ибраимов 1967-жылдын 1-сентябрь күнү Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал эми Айтмамат Кадырбаев эр ортону 50 жаштаа. Ал 1966-жылы 23-январь күнү Оштун Кара-Суу шаарында төрөлгөн. Анткен менен кыргызда бир жаш тең жаш деп айтылып келет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВыборы мэра города Бишкек
Выборы мэра города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Выборы мэра города Бишкек

Эмгек жолу: 

Эки мэр тең жогорку билимдүү. Кесиптери боюнча экономисттер. Советтик армияда аскер кызматын өтөп келишкен. Албек Ибраимов эмгек жолун 1997-жылы "Тяжэлектромаш" заводунун слесардык-механикалык бөлүмүнүн мастери катары баштаган. 1992-жылы "Илбирс" ишканасынын жумушчусу, кийинчерээк директорлугуна жеткен. 2001-жылы "Кыргызавтомаш" ачык акционердик коомунда бөлүм башчы, директор болуп дайындалган. Ал эми 2005-жылы Өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси болгон. 2012-2013-жылдары президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, 2013-2015-жылдары "Эл аралык "Манас" аэропорту" ачык акционердик коомун башкармалыгынын төрагасы, 2015-2016-жылдары "Эл аралык "Манас" аэропорту" ачык акционердик коомун директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген. Төрт баланын атасы.

Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 1993-1996-жылдары "Ош азык-түлүк соодасы" ишканасынын инспектору, андан соң директору болгон. 1996-1998-жылдарда Ош шаардык базарлар башкармалыгында жетекчинин орун басары болуп иштеген. Андан соң Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери, "Interpipe Ekraine" өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон. Ал эми 2006-жылы Кара-Суу базарынын директорунун орун басары болуп дайындалган. 2007-2010-жылдары Ош облусунун губернаторунун орун басары, 2012-2013-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Башкы директорунун биринчи орун басары болгон. 861 күндөн бери Ош шаарын жетектеп келет.

Байлыгы:

Эки мэрдин декларациясына карап, аларды бай адамдардын катарына кошо албайсың. Анткен менен мырзаларды колунда жоктордун сабына киргизүү да мүмкүн эмес. 

Депутаттын Жогорку Кеңештеги жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мандат мандеми: парламентте кайрадан кызыл чеке талаш уланабы
Ибраимов 2013-жылы тапшырган декларациясына ылайык, ошол жылы 1,1 миллион сом киреше тапкан. Мындан сырткары, 12 гектарлуу 31 жер тилкеси бар. Ибраимов эки ЖЧКга ээлик кылат жана дагы бир компанияда 50 пайыз үлүшү бар. Туугандары тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. 

2014-жылга тапшырган декларациясына ылайык, Айтмамат Кадырбаевдин 68 чарчы метр аянтта батири бар. 436 чарчы метр аянтта үй, 2100 чарчы метр жер тилкеси жакындарына катталган. Мындан сырткары, 2010-жылы чыгарылган "Тойота Камри" унаасы, база жана дүкөн (аянты, багыты көрсөтүлгөн эмес) көрсөтүлгөн. Бир жылда 242 миң сом айлык алган. 

Эрдиги:

Бишкек башчысы Ибраимов мото жүрүштүн сап башында туруп, квадроцикл айдаса, Кадырбаев жаңы курулуп оор жүк ташуучу унаалар өткөн көпүрөнүн алдында жарым саатка чукул турган. Шаар башчы бул кадамга көпүрөнүн сапаты начар деген тургундарды ишендирүү үчүн барган. 

Мэрлердин аты аралашкан чыр-чатактар

Албек Ибраимовго байланыштуу чыр "Эл аралык "Манас" аэропортунда" чыккан. Ал кездеги анын жардамчысы Адылбек Садыков 180 миң сом айлык алары тууралуу маалымат интернетке жарыяланып кетип, 2015-жылдын 10-апрелинде аэропорттун кызматкерлери нааразычылык акциясын уюштурушкан. Мындан сырткары, экс-депутат, терроризм жасоого айыпталып камалган Максат Кунакуновдун тууганы деген маалымат тараган. Ибраимов мамлекеттик тил сынагын тапшырып жатып, "Коррупция" деген сөздү "р" тамгасы жок жазып, интернет колдонуучуларынын кескин сынына калган. 

Жогорку Кеңештин төрагасынын жумус орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спикерликтен кийинки жашоо: экстер эмне менен алек
Ал эми Айтмамат Кадырбаев 2010-жылдын 13-майында Ош облустук администрациясын басып алгандардын сап башында турган. 7-апрелге чейин губернатор болуп иштеген Мамасадык Бакиров, анын орун басары Айтмамат Кадырбаев убактылуу өкмөт шайлаган губернатор, учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду облустук администрациядан кууп чыгышкан. Андан соң Айтмамат Кадырбаев өзүн мэр деп жарыялаган. Көп өтпөй бийлик Сооронбай Жээнбековго өтүп, Кадырбаевге карата кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, кийинки инстанцияда акталып чыккан. 

"Байчечекей" бала бакчасындагы тамактан курттар табылып, анын жетекчиси Орозгүл Бектанованы жумуштан алуу маселеси каралган. Анткен менен Бектанова жумуштан алынган эмес. Массалык маалымат каражаттарында Бектенова Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин классташы болгондуктан жумуштан кетпей турат деген кеп тараган. 

Мындан тышкары, мэрдин бир тууган эжеси Заркөкүл Кадырбаева автоунаасынын терезелерин уруксатсыз караңгылатып айдап жүргөнү үчүн токтотулуп, Кайгуул кызматы тарабынан толтурулган протоколго баш бербей ызы-чуу салган. 

Футболдогу ийгилиги:

Айтамамат Кадырбаевдин тушунда Оштун "Алай" клубу футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону аталса, Бишкектин "Алга" клубу үчүнчү орунга татыган. 

Жасаган иштери: 

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов байкерлердин мотожүрүшү маалында - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин мэри квадроцикл айдап, байкерлердин көч башында болду
Кадырбаевдин Ош шаарын эки жылдан ашыгыраак башкарып, башкы жетишкендиги катары Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн 105 миллион сом арттырып калганын айтууга болот. Ал акчага Ак-Бууранын эки жээгин бириктирген дагы эки өтмөк курулуп жатат. Бала бакча, мектеп, балдар аянтчасы, эс алуу бактарынан сырткары мэр "кызыл тасмасын" кескен ири долбоорлордун бири — "Достук" аймагындагы суу кампасы. Ал калаанын батыш тарабын ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыздай турганы айтылган. Мындан сырткары, анын шаардагы автобекетти калаа сыртына көчүргөнү, эс алуу бактарын иретке келтиргени да макталып келет. 

2014–2017-жылдарга карата "Түштүк борбордун потенциалы – шаардыктардын жыргалчылыгы үчүн" программасын сунуштап, аны аткаруу үстүндө. 

Ал эми Бишкектин мэри Албек Ибраимов кызматка келгенине аз гана болгондуктан жасай турган иштери алдыда деп үмүт кылалы. Анткен менен Бишкекке 10 автобусту алып келгени көпчүлүктү кубандырган. Ибраимов жаңы веложол курууну убадалап, ысык сууну өчүрүүнү июль айыны жылдырууга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0