Текебаев Батукаевди бошоткон сот тууралуу Атамбаевге кат жолдоду

© Фото / Пресс-служба ЖК КР"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив
Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот Жапар Эрматов учурда Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп, кызматынан жогорулаганы турат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча чечим чыгарган сот Жапар Эрматовду Нарын облусунун райондор аралык сотунун жетекчилигине дайындалышына каршылык билдирген кат жөнөттү.

Жогорку соттун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Нарымбаев жана Коркмазовдун иши боюнча биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды
Эл өкүлү Батукаев 2013-жылы бошотулганына карабастан Эрматов азыркыга чейин Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп, учурда кызматынан жогорулаганы турганын билдирди.

Ошондой эле депутат КРдин сотторду тандоо боюнча кеңеши райондор аралык сотунун судьялыгына конкурс жарыялап, анда Эрматов эң жогорку упай алганын айтат. Бирок "Соттордун статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, алар кызмат ордун ишинен мүчүлүштүк кеткенге чейин сактап турат деп жазылган.

Ошол эле учурда Текебаев Жогорку Кеңештин комитети сот Эрматовдун Батукаевди бошотуу боюнча чыгарган чечимин мыйзамсыз деп тапканын белгилейт.

"Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу коомдо чоң талаш-тартыш жараткан. Депутаттык комиссия өз чечиминде Эрматов Батукаевди чыгаруу боюнча өкүм чыгарып жатканда мыйзамды көзгө илген эмес деп белгилеген", — деп айтылат катта.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Амангелди Муралиевдин уулу мамлекеттик чыккынчылык үчүн 12 жылга кесилди
Текебаев соттун мындай жоопкерчиликсиз аракети коомдо терс кабылданып, аткаруучу жана сот бийлигине көө жапканын белгилейт. Ал ошондой эле буга чейин Сотторду тандоо кеңешине Эрматовду кызматынан кетирүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому жиберилгенин келтирет.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 3-августта Аламүдүн райондук сотунун чечими менен катуу режимдеги колонияга 16 жыл 18 айга кесилген. Бирок 2013-жылы 9-апрелде соттун чечими менен бошотулуп, ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен. Учурда ал Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0